Атамбаев: Бабановдун ишин жабууну Жээнбеков менен бир жыл мурун макулдашканбыз

Өмүрбек Бабановго карата айыптоолор далил тапкан жок, андыктан ишин жабуу керек. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бул маселени жыл мурун Сооронбай Жээнбеков менен талкуулап бир пикирге келишкен – башкы “республикачыга” куугунтук токтош керек.   

Атамбаевдин айтымында, Өмүрбек Бабанов Оштогу Он-Адырда эмоцияга алдырып кеп атйкан менен, ынтымакты бузуу ниети болгон эмес, ал эми Канат Исаев менен бирге тополоң уюштуруу үчүн акча тараткан деген иште башкы “республикачынын” изи табылган жок.

“Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда айтылган сөзү бир топ кыргыздардын ачуусун келтирди. Эгер эмоциясы жок карасак, биринчи экспертиза менен улут аралык кастыкты козутуу боюнча иш козголгон. Кийинки экспертизалар бул эмоция менен айтылганын аныктаган. Анын үстүнө Бабанов эки элди кайраштыруу максаты болбогонун иш жүзүндө көрсөттү. Жаман ниети болсо, шайлоодон кийин деле тополоңду баштаса болмок. Кыргызстандын ынтымагы ал үчүн ыйык экенин көрсөттү”, – дейт Атабамбаев. 

Ал Бабановго карата козголгон дагы бир ишти эске салып, анда да Бабанов ак экенин айтып өттү.

“Канат Исаевдин ишинде – тополоң чыгаруу үчүн акча тараткан деп айыпталган. Ал жерде деле Бабановдун изи табылган жок. Мен мунун баарын январда эле көргөм, жаңы президентке айткам, Бабанов момундай кадамдарга (депутаттык мандатын тапшырып) барып атат, бул иштерди жабыш керек деп айткам. Ал да макул болгон. Керек болсо, кудай өзү кечирсин, президент болбосом дагы, шайлоодон бир-эки ай өткөндөн кийин ошол кездеги генералдык прокурор Жолдубаеваны, УКМК төрагасы Сегизбаевди чакырып, беттештиргем, Бабановдун иштери жабылыш керек депчи. Алар мени сыйлап баш ийкегени менен, команданы башка президент башкарып калган да. Мен ишенчээк аны түшүнбөптүрмүн”, – деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев бүгүн “Апрель” телеканалына интервью берип, Сооронбай Жээнбековду президенттикке алып келгени үчүн элден кечирим сурады.

Ал дагы башка бир катар маселелер боюнча комментарий берди. Сайттын негизги бетине чыгып, экс-ажонун интервьюсундагы негизги тезистерди таба аласыз.

Сүрөт: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика