Атамбаев кайрадан эфирде. Бүгүн экс-ажонун кыргыз тилиндеги маеги чыгат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына кыргыз тилинде берген маеги бүгүн кечинде көрсөтүлөт. Бул туурасында аталган телеканалдын кабарчысы Канат Каниметов билдирди.

Атамбаев бир катар маселелерге, анын ичинде Жээнбековдун легитимдүүлүгү, Орусияда жүргөн Өмүрбек Бабановго токтолот.

Экс-президент буга чейин ушул эле телеканалдын орус тилдеги суроолоруна жооп берген. Интервьюда президенттик шайлоо маалындагы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фонду, бир кездеги тилектеш эки достун ортосундагы мурда-кийинки мамилеси, Сапар Исаковдун камалышы, өзүнүн байлыгы сыяктуу бир катар суроолорго жооп берген.


Баса, Атамбаевдин өткөнкү интервьюсу Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыгы катары жарык көргөн маегине удаа жарыяланды. Булардын маектерин соцтармак интервью-айтыш деп сыпаттаган. Негизги тирешти бул 10 цитатадан карасаңыз болот.

Жээнбеков vs Атамбаев. Тиреш 10 цитатада

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика