Атамбаев: курултайга жийиркенгеним үчүн барбадым

Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде 24-ноябрда болгон курултайга эмне себептен барбай койгондугун түшүндүрдү. Ал жыйналышка корконунан эмес, уюштуруучулардан жийиркенгендигинен  улам кадам баскан эмес.

“Мен алардан аябай жийиркенем. Ошол эле уюштуруу комитетинин төрагасы Дүйшөбаев, Бекназаровдор бир нерсе үмүт кылып уюштуруп жатышпайбы. Анан тим эле Келдибеков, Түлеевдер мени камаш керек деп кыйкырып чыгып жатышат. Алар өмүр бою мамлекеттик кызматкер болуп туруп, мултьимиллионер болушпадыбы. Андыктан ал жерге барыштын кажети жок болчу”, – деди Атамбаев.

Эске сала кетсек, 24-ноябрь күнү элдик курултай болуп, Атамбаевге бир катар сындар айтылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика