Атамбаев ортого киши салып Жээнбеков менен элдешүүгө көп аракеттенген

“Бул чыр-чатактын эч кимге кереки жок болчу”. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков экөөнүн орртосундагы тиреш боюнча комментарий берди. 

Экс-ажонун айтымында, ал улуу башын кичүү кылып, июль айынан ноябрга чейин Жээнбеков менен алаканы оңдоо үчүн бир катар адамдарды ортого салган.

“Фарид Ниязов өзү да барып, Сооронбайдын аппараттагы жакын адамы менен сүйлөшкөн. Андан кийин экс-депутат кирген. Мен да айткам, тынчтык керек деп. Бирок Сооронбай, Асылбек, Жусуп Жээнбековдор муну башкача түшүнүптүр – Атамбаев коркуп жатат, жан талашып жатат, такыр эле тебелеп, жок кылыш керек депчи”. 

Атамбаев өзүнө карата кароололорго жана үй-бүлөсүнө жасалган жаман иштерге бир жыл чыдаганын айтат.

Ал элдешүү деген сөздүн этимологиясына токтолуп, элдешүү үчүн эки эли – кол бири-бирин кысыш керек экенин айтты.

“Чыр чыгарып эмне пайда табат билбейм. Булар пайда тапса да, кыргыз эли, өлкөбүз пайда таппайт. Аягы жаман бүтөт”, – деди Атамбаев. 

Алмазбек Атамбаев бүгүн “Апрель” телеканалына интервью берип, Сооронбай Жээнбековду президенттикке алып келгени үчүн элден кечирим сурады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика