Атамбаев Жээнбековду президенттикке алып келгени үчүн элден кечирим сурады

Алмазбек Атамбаев кадр, адам, дос тандоодо жаңылыштыгы үчүн өкүнөт. Бирок эң чоң арманы – Сооронбай Жээнбековду президентикке алып келгени. Бул тууралуу мурдагы мамлекет башчысы “Апрель” телеканалына берген маегинде билдирди. 

“Албетте, мен да адаммын, пендемин, адашам. Өзгөчө ушул кадр, адам, дос жагынан көп адаштым. Адамдын ичин көрө албайт экем. Көп ката кылдым, бирок бир нерсе айтат элем – эмне кылсам да, президент катары элим-жерим деп иштеп жаттым”, – деди Атамбаев.  

Экс-ажонун айтымында, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан адамдар келип: “сага ишенип, президенттик шайлоодо сен көрсөткөн адамды шайладык эле. Эми момундай иштерди кылып атат. Өзүңө каршы иштегендерди көтөрүп атат. Бизди кордоп атат”, – деп таарыныч-армандарын айтып жатат.

“Албетте, мен бул сөздөрдү угуп алып, кайгырып жатам, өкүнүп жатам.Адашканым ушул окшойт”, – деди Атамбаев.

Экс-ажо президенттикке Сооронбай Жээнбековду алып келгени үчүн кыргыз элинен кечирим сурады жана мезгил баарын ордуна койо турганын кошумчалады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика