Башы кесилген бала. Ош милициясы жалган маалымат тарап жатканын билдирди

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы WhatsApp аркылуу тарап жаткан видео жалган экенин айтып, аны таратуучулар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин эске салды. 

Башы кесилген жаш баланын видеосу Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи шаарчасында тартылганы тууралуу жалган маалымат тарап кеткен.

Мекеме маалымдагандай, видео элди тынчсыздандырып жатат. Окуя Ош шаарында болгон эмес жана берилген комментарий дагы чындыкка туура келбейт.

Шаардын милициясы жарандардын арасында жалган маалыматтарды таратып, коомдук коопсуздукка шек келтирген чагымчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазага тартыла тургандыгын эскертет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика