Федерация баалабаган жылдын бомбардирин Ош мэриясы сыйлайт

Бул тууралуу Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов “Алай” командасынын футболчуларын кабыл алып жатып билдирди. 

Жолугушууда “Алай” клубунун президенти Сейит Аматов калаа башчысына команда жылдын аягында уткан “Фергана Кубогун” тапшырды.

Таалайбек Сарыбашов футболчулар менен баарлашып, 2019-жылы командага кошумча 100 миң сом колдоо болорун билдирди. Мындан сырткары кийинки жылы Ош шаарынын борбордук стадионунда оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү.

Ал эми 2018-жылдагы Кыргызстан чемпионатында 26 гол киргизип эң мыкты чабуулчу болгон Жоел Кожого өзүнчө сыйлык бериле турганын айтты.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Кыргызстандын футбол федерациясы жылдын мыктыларын сыйлап, бирок эң көп гол киргизген Кожо Жоел эч бир номинация берилген эмес.

  • “Алай” 2018-жылы Кыргызстан чемпионатында 2-орунду алган.
  • Октябрь айында Оштун командасы биринчи жолу өткөн “Фергана Кубогун” жеңген.
  • “Алай” “АФК Кубогунун” тайпалык баскычына чыгуу үчүн алгачкы оюнун 2019-жылдын 20-февралында Түркмөнстандын “Ахалына” каршы өткөрөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика