ФИФА калысы Бахадыр Кочкаровго автоунаа белек кылышты

Кыргызстандын Футбол федерациясы ФИФА калысы Бахадыр Кочкоровго автоунаа белек кылды. Транспорт каражатын10-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк футбол күнүнө карата тапшырышты.

Жагымдуу жаңылыгын Бахадыр Кочкаров “Калыс Медиага” бөлүштү.

Футбол федерациясы мындай чечимди Кочкаровдун кыргыз футболуна кошкон салымы үчүн кабыл алган. Автоунаанын ачкычы өткөн аптада тапшырылды.

“Бул мен үчүн күтүлбөгөн белек болду. Мен ойлойм, 2010-жылдары Кыргызстандын футболуна кошкон салымдарымды эске алышты. Спортчуларга болгон колдоо биздин мындан ары да талыкпай иштешибизге түрткү берет”, -дейт Кочкаров.

Бахадыр Кочкаров 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта бир нече оюнга калыстык кылган. Ошондой эле Лондондо, Бразилияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттарда да Кыргызстандын атынан барган.

Ал  1- 2- жана улуттук даражадагы калыс. 1991-жылдан бери ФИФА калысы болуп келет.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика