“КамАЗ” оодарылып, үч адам каза болду

9-декабрда таңга жуук Лейлекте оор жүк ташуучу “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылган. Кырсык кесепетинде 3 адам мерт кетти.

Жол кырсыгы Ош-Баткен-Исфана жолунун 337-чакырымында жүз берген.

Каза болгондор – 41, 34 жана 25 жаштагы эркек кишилер.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика