Мадридде 7 миңден ашуун Санта-Клаус рак оорусуна каршы жөө чуркады

Испаниянын Мадрид шаарында 7 миңден ашуун адам  Санта-Клаустун формасын кийип, Ракка каршы күрөшүү урааны менен жөө чуркоо акциясына чыгышты. Бул тууралуу  Hola сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияга чоңдор Санта-Клаустун кызыл формасын, жаш балдар жашыл түстөгү Эльфтердин кийимин кийишкен. Эң кызыгы кээ бир энелер эмчектеги балдарын да коляскага салып алып чуркашкан.

Жөө чуркоо акциясы Мадриддин борбордук көчөлөрүнүн биринде уюштурулуп, катышуучулардын сабы 5 чакырымга жеткен.

Бул акцияны “Оорулууларга жардам берүү” фонду  сегизинчи ирет уюштурду. Акциядан түшкөн каражат рак оорулууларга жумшалат. Андыктан ар бир катышуучу милдеттүү түрдө кеминде 1 евродон берүүгө тийиш.

Уюштуруучулардын айтымында, быйыл катышуучулардын саны рекорд жаратты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика