Ошто малдын ичеги-карынын арыкка төгүп жаткан аялдын видеосу талкууга түштү

Ош шаарындагы  ”Шамбала” ашканасынын кожоюндары малдын ичеги карындарынын калдыктарын жол жээгиндеги арыкка төгүп жатышканын журналист Феруза Ашимбаева видеого тартып алган.

Кызыгы, журналист видеого тартып жаткан мезгилде, ашкананын кожоюндары уялуунун ордуна коркутууга өтүшкөндүгүн Ашимбаева “Калыс Медиага” билдирди.

“Эмнеге тартып жатасың деп келини мени уруп жиберчүдөй болуп кубалап жөнөдү. Анан колундагы карындын калдыктарын мага чачыратып үстүмдүн баарын булгады. Анын жолдошу болсо ашканадан чыгып алып, “Тек кое бер тартып эмне кылмак эле, бир жерге жарыяласа менден көргүлүктү көрөт”, – деп бакырды. Анан келиндин апасы келип алып, ал да ар нерселерди айтты”, – деди журналист.

Ош шаарынын мэриясы бул окуя көзөмөлгө алынып, санитардык-эпидемиологиядык кызматка териштирүүгө тапшырма берилгендигин билдирди.

تم النشر بواسطة ‏‎Феруза Ашимбаева‎‏ في الأحد، ٩ ديسمبر ٢٠١٨

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика