Ошто жети миң орундуу жаңы ишкана курулууда

Ош шаарында жети миң адамды жумуш менен камсыз кыла турган тигүү фабрикасы ачылат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ошко жасаган жумуш сапарынын алкагында Кең-Сай конушунда аялдардын жана эркектердин кийимдерин тигүү боюнча текстилдик тигүү фабрикасынын курулушу менен таанышты.

Тигүү фабрикасы пахта, пахта тазалоо жана кайра иштетүү, жип жана кездеме өндүрмөкчү.

Ишкерлердин айтымында, алар пахта өндүрүү көлөмүн көбөйтүү, пахтачылыкта жаңы жумуш орундарын түзүү менен жаштар арасында миграцияны азайтууга көмөктөшмөкчү.

Өндүрүш келерки жылы ишке кирмекчи. Фабриканын курулушу үчүн 25 гектар жер бөлүнгөн, ал жерде жалпы жети цех иштейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика