Түштүктөн болчу. Атамбаев Жээнбековду эмне үчүн сүрөгөнүн ачыктады

Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековду президентикке талапкер катары тандаган эң биринчи критерийи – ал түштүктөн болчу. Бул тууралуу экс-ажо “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

КСДПдан президентикке ким талапкер болот деген маселе талкууланганда, Атамбаев элдин ынтымагы үчүн түштүктөн талапкер  алып келебиз деп чечиптир.

“Акылыма болгону Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков келди. Түштүк боюнча Сооронбайга ишенчүмүн. Бул менин абдан чоң катам, бул менин күнөөм. Кадр маселесине жакшылап көңүл бурсам болмок экен”, – деди Атамбаев. 

Ал Сооронбай Жээнбековду президенттикке алып келгени үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика