Волейболдон кийин чыккан мушташта 8-класстын окуучусу каза болду

Нарын облусунун Жумгал районунда өспүрүмдөр арасындагы мушташтан 8-класстын окуучусу каза тапты. Бул тууралуу күч түзүм өкүлдөрү “Кактуска” билдирди.

9-декабрда Жумгалдын Кызыл-Жылдыз айылында окуучулар арасында волейбол боюнча турнир өткөн. Жаш спортчулардын ортосунда чатак чыгып, 8-класстын окуучусу каза болду.
Нарын милициясы окуяны териштирип жатат. Алар ошол күнү спорт залда болгон окуучу, мугалимдерди суракка алууда. Алдын алар маалыматтар боюнча балдар арасында массалык мушташ орун алган эмес.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика