Жээнбеков: адам укугун коргоо – мамлекеттин милдети

Ушул тапта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Адам укуктарынын жалпы декларациясы Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары” деген темада конференция өтүүдө.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, адам укуктарын коргоо мамлекеттин негизги милдети экенин белгиледи.

«Адам укуктарынын жалпы декларациясында сот адилеттигине жана соттук териштирүүлөрдүн ачык–айкындыгына чоң маани берилет. Ошону менен катар, укук коргоо органдарынын „өзүм билемдигине“ жол бербөө зарылдыгы да баса белгиленген. Кыргызстан акыркы мезгилде ушул багыттар боюнча чечкиндүү иштерди баштады. 2019-жылды соттук-укуктук реформанын практикалык этабы — жаңы укуктук нормалардын негизинде жашообуз башталат. Сотко чейинки кармоо жана тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, соттун чечимин аткаруу жумуштары кодекстердин жана мыйзамдардын жаңы нормалары менен жүргүзүлөт»,-деп ишендирди президент.

Эл аралык конференция Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы, кыргыз парламентинин 80 жылдыгы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата уюштурулган.

Ага Жогорку Кеңештин төрагасы, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, Эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

10-декабрь – Адам укугун коргоо күнү катары белгиленип келет. 1948-жылы дал ушул күнү БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укугу боюнча жалпы декларацияны кабыл алынган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика