Зилалиевдин үйүнөн $100 миң, 3 млн сом табылды. Видео

УКМКнын кызматкерлери экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүн тинтүү мезгилинде 100 миң АКШ доллары; 2,9 млн сом накталай акча жана баалуу буюмдар табылды.

Мурдагы чиновниктин үйүн тинтүүгө сот 5-декабрда чечим чыгарып берген.

Акча жана баалуу буюмдар Бишкек шаарынын 4-кичирайонунда жайгашкан беш бөлмөлүү элиталык батирден табылган.

Мындан сырткары атайын кызмат Зилалиевдин Бишкек шаарында жайгашкан бир чоң жер үй жана башка батирлерин тинтүүгө алышкан.

  •  Зилалиев мамлекеттик кызматта туруп, декларацияга киргизилбеген 889 миң 900 АКШ долларына ээлик кылган. Каражатты 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктардын биринде сактагандыгы аныкталып камакка алынган.
  • Зилалиев 7-декабрь күнү  “Манас” аэропортунан УКМК тарабынан кармалган.
  • Зилалиев чуулгандуу окуя боюнча – президенттин инаугурациясы мезгилинде “бомба коюлган” деген жалган маалыматы үчүн үч жылга шартуу соттолгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика