Роналдунун уулу “Ювентус” курамында алгачкы кубогун утту

Криштиану Роналдунун “Ювентуста” чабуулчу катары ойногон уулу алгачкы трофейин утту.

“Ювентус” Италиянын жаштар командаларынын арасындагы кубокту жеңген.

Бул сегиз жаштагы Роналду-кичүүнүн алгачкы клубдук трофейи. Жеткинчек 2018-жылдын сентябрында туриндик академияга кирген.

“Куттуктайм”, – деп Роналду Твиттерге кыска гана жазды.

“Ювентустун” катарында “Лусентого” каршы алгачкы оюнда Роналдунун уулу төрт голу менен өзгөчөлөндү.

Эске салсак, Роналду “Реалдан” “Ювентуска” ушул жайда өткөн. Келишим мөөнөтү – 4 жыл. Трансфер баасы – 112 млн евро.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика