Абылгазиев: министрдин орун басары пара менен кармаларын билгенмин

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол, транспорт министринин орун басары чоң  коррупция менен кармаларын алдын ала билген.

Мындай маалыматты өкмөт башчысы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов орун басар жалгыз өзү эле чоң суммадагы коррупцияга бара албастыгын айтып, министрдин да жоопкерчилиги каралышы экендигин айтты.

“Темир жол дирекциясына Казакстандын жаранын алып келди. Өзүнүн орун басары болсо коррупция менен кармалып отурат. Ал моралдык жактан болсо да жоопко тартылып, кызматынан кетиши керек”, – деди Икрамов.

Анын суроосуна Премьер-министр тешелүү кызматтардын иликтөө иштеринин жыйынтыгын күтө турууну айтты.

Мага министр өзү келип, ушундай коррупциялык схема бар экендигин айтып берди. Биз күч түзүмдөрү менен биргеликте кармоо жолун иштеп чыктык. Эми иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туралы. Ошого жараша иш алып барабыз”, -деди Абылгазиев.

Жол, транспорт министринин орун басары тендерден бир компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн 520 миң АКШ доллар пара сураган. Анын 50 миң долларын алып жаткан кезде кармалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of