Арапбаев: жеке медицинаны Саламаттыкы сактоо министрлигиндеги коррупция артка тартууда

Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо тармагындагы жоболор жеке медицинанын өнүгүшүнө каршы иштейт. Мындай оюн депутат Азамат Арапбаев бүгүн парламенттик жыйында билдирди.

Анын айтымында дүйнөдөгү ири компаниялар чыгарган медициналык жабдууларды жеке клиникалар алып келсе, Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги “эч нерсени тушүнбөгөн биздин адистер” ошол жабдуулар жарайт же жарабайт деген бүтүмүн чыгарып беришет.

“Саламаттыкты сактоо министрлиги бюрократия киргизген. Орто звенодогу чиновниктер пара алып, анан ошондой бүтүмдөрүн чыгарып беришет”, – дейт депутат. 

Азамат Арапбаев Түркия, Корея сыяктуу өлкөлөрдө медициналык туризм өнүгүп жатканын белгилеп, жеке медицинанын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берүү керектигин кошумчалады.

Мындан сырткары эл өкүлү ооруканаларда антисанитария жана коррупция орун алганына токтолду. Мисалы, жаңы эле окууну бүткөн жаштарды 0,25 вставкага долларлап пара алып туруп, жумушка алышат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коррупциялык схемалар бар экенин моюндап, муну электрондоштуруу менен гана жоюуга болорун айтты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of