Казакстандын президенти Кыргызстанга качан келери айтылды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда казак лидери Назарбаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаевге ишеним катын тапшырып жатып билдиргенин ТИМ кабарлады.

Президент Нурсултан Назарбаев жаңы элчилерди расмий түрдө дипломатиялык ишке киришкендиктери менен куттуктады. Ал Борбор Азияда Кыргызстан Казакстан мамлекетинин тышкы саясатында негизги приоритеттүү, бир тууган, стратегиялык өнөктөш өлкө экенин белгиледи.

Элчи Кулубаев Назарбаевге Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун саламын айтуу менен бирге кесиптешин эмки жылда Кыргызстанда расмий сапары менен күтүп жаткандыгын билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика