Жүрөктө калган элес. Роза Айтматова атасы жана агасы тууралуу

0

Кыргызстанда сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, жылнаамада атайын кызыл дата пайда болду. Быйыл  залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгилеп жатабыз. Бул эки маанилүү окуяга карата улут каймагы Төрөкул Айтматовдун кызы, кара сөз чебери Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова жүрөгүндө өмүр бою алып жүргөн атасынын элеси, анын эл үчүн жасаган ишинин бир гана чети жана агасынын кыйын кез менен коштолгон балалыгы, жазуучулук ааламы тууралуу айтып берди.

 – Сталиндик репрессиянын каары Айтматовдордун, анын ичинде Сиздин балалык сезимиңизге кандай таасир эткени айтпаса деле түшүнүктүү деңизчи. Ошентсе дагы тарыхты эскергенде көз алдыңызга эмнелер тартылат, атаңыздын кандай элесин көрөсүз?

– Бул маселе менин жүрөгүмө катуу тийген, ар убак ойго салган окуя болду. Мен атамды көрбөй калдым. Беш айлык кезимде ажыраптырмын. Бирок, апам, эжелерибиз жакшы киши болгонун ар дайым айтып, Төрөкул деген атты ооздорунан түшүрүшчү эмес.

Менин балалык кезим согуш жылдарына туура келди. Атам келсе экен деп эңсей берчүмүн. Ал киши  камалып кетип,  НКВДнын справкасы боюнча он жылга сүргүнгө айдалган, кат жазышууга укугу жок  деп айтылган. Ошол үчүн биз ишенип, келет деп күтүп жүрдүк. Согуш жылдарында мен курактуу курбу кыздардын да аталары жок эле, алар согушка кеткен. Бирок алардан кат келип турчу. Анан согуш аяктаган кезде келе башташты (алар солдат формасын кийип, рюкзак асынып келишчү). Ошолорду көргөндө “алардын аталары келди, менин атам да келип калса экен” деп улутуна караар элем. Ошол күтүү, үмүт менен өткөн күндөр али күнчө эсимде. Мага атам солдат формасын кийген, рюкзак асынган, бирок пилоткасы жок, кудум сүрөтүндөгүдөй чачы тармал, сулуу болуп элестечү. Ал эми азыр, анын жашоосун тыкыр изилдеп чыккандан кийин мен аны эли – жерине күйгөн, мекенчил адам катары элестетем.

Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматова

– Атаңызды көрбөсөңүз дагы ал  киши тууралуу эмнелерди айтасыз?

– Жакында “Атам жөнүндө” деген макала жазууга киришип, көлөмү чоң болуп, китепче болуп калды. Эми ал киши жөнүндө тарыхчы-окумуштуулар деле, мамлекеттик жетекчилер деле сөз кылганда мамлекеттүүлүктү түптөгөн кишилердин бири, анан Чыңгыз Айтматовдун атасы деп коюшат. Ал киши эмне жумуш кылган, мамлекетке кандай пайда келтирген? Ал жөнүндө эч ким эч нерсе билбейт. Ошол себептен архивдик материалдарды карап олтуруп, азырынча бир гана теманы изилдеп чыктым: атамдын Кыргызстандын эл чарбасын, өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон салымы кандай болгонун.

1926-жылы Кыргыз АССРи түзүлөт, ал РСФСРдин курамында болот. Ошентип, Кыргызстан мыйзамдуу түрдө аянты, чек арасы, гимни, желеги, конституциясы, тили бар автономиялуу болсо дагы,республика болуп түзүлөт.Бирок бул жаңы пайда болгон республика Союздун башка республикаларына тең келип, андан ары өсүп – өнүп кетиши үчүн  анын күчтүү  экономикасы, ошол заманга жараша  өнүккөн  өнөр жайы, айыл чарбасы болууга тийиш эле. А Кыргызстанда андай болгон эмес. Анткени, 1916-жылдын кесепеттери, андан кийинки убактылуу өкмөттүн репрессиялары, ар кандай козголоңдор…Ага кошумча элдин баары туташ сабатсыз болчу. Жаңы келген совет бийлигинин реформаларын жакшы түшүнбөй, көп эле кедергисин тийгизген окуялар болду. Ошол үчүн Кыргызстандын экономикасы начар абалда болгон. Эл чарбасы бүлгүнгө учурап ачкачылык, жокчулук өкүм сүрүп турган.

Биринчиден, экономиканы тез аралыкта көтөрүү керек эле. Экинчиден, бүткүл союз боюнча индустриялаштыруу, биринчи беш жылдыктар башталган. Бул 1928-1932-жылдар аралыгы. Бул багытта адегенде Кыргызстанда Өнөр жай жана соода эл комиссариаты түзүлөт. Бирок ал баштапкы учурда негизинен соода жана жабдуу маселелери менен алектенет, ал эми өнөр жай тармагы туура келген билими бар кадрлары жоктугунан өнүкпөй турду. Ошондой  кыйын учурда атам (1929-1931-жж.) Өнөр жай жана  соода министри, ошондой эле  Эл чарбасынын  борбордук советинин  (ЭЧБС) төрагасы болуп иштеген экен. Чынында бул эки тармакты тең нөлдөн баштап бутуна тургузуш керек эле. Ошондой шартта бел байлап  чоң  жоопкерчиликтин  жүгүн мойнуна алып иштей баштайт…

Адегенде билими туура келген инженерлерди борбордон (Москва, Ленинград) тандап чакыртып алып тармактарды  кадрлар менен толуктайт. Анан өнөр жайды түзүү үчүн керектүү болгон иш чараларды  пландаштырган экен, келечекти көрө билген экен. Кыргызстандын тоолорунан, кууш капчыгайдан агып түшкөн суулар ГЭС курууга ыңгайлуу деп ГЭСтерди курууга, азыркы Бишкек жылуулук электр борборун, пахта тазалоочу заводдор, кант заводун, көмүр кендерин иштетүү, иши кылып, өлкөнүн өнөр жайынын негизин куруп, таптакыр жок нерселерди жараткан. Бул иш-аракеттердин баарын далилдеп турган документтери бар.

Мен атамдын ошол эмгегин абдан жогору баалайм. Элине опол тоодой эмгек кылып кеткен кишини камаганда “министр болуп турган кезде эмне кылдың эле” деп сурашат. Ал бир күн тынч болбогонун, республиканын ар бир аймагын кыдырып чыкканын, бардык жердеги мүмкүн болгон ресурстарды изилдегенин айтыптыр. Эл үчүн жан үрөп иштеген кишини кийин эл душманы деп атып жатпайбы… Мен ал кишинин тарыхын абдан жакшы билем. Атамды эскергенде менин көз алдымда жанталашып иштеген, элге жакшылык кылайын деген эмгекчил кишинин элеси тартылат. Мен атам менен сыймыктанам, ага ыраазы болом.

– Ата-энеңиз бала тарбиялоого өзгөчө мамиле жасаса керек…

– Атам иштеп жүргөн кезде апам ага шарт түзүп, балдардын баарын өзү карап, атамды терең түшүнүптүр. Бирок ага карабастан атам колунан келишинче балдардын тарбиясына көңүл бурган экен. Бул жөнүндө Чыңгыз Төрөкуловичтин алты жашар мезгилинде берген интервьюсунан билсе болот.

Бишкек шаарындагы азыркы Киев көчөсүндө Чыңгыз Төрөкуловичтин эстелиги турган жакта бала бакча болгон.  Аны ушул жерде Чыңгыз тарбияланган деп апам мага өзү көрсөткөн. Ошол бала бакчанын короосунда азыр эстелиги турат. Ошол кезде  “Ленинчил жаш” газетасы тарабынан Райкан Шүкүрбеков деген жаш журналистке жаңы шартта балдарды кандай тарбиялаш керек, аларды мектепке кантип даярдаш керек  деген темада тапшырма берилген окшойт. Ал ошол бала бакчага барып чоң тайпадагы балдарды жыйнап, аларга ар кандай суроо берип аңгемелешет. Алардын ичинен бир ак жүздүү бала абдан зээндүү көрүнүп, эч тартынбай, уялбай баарынан жакшы жооп берип жатты дейт. Анын аты Чыңгыз экен. Журналист Чыңгыздын үйүндө атайын бурчу бар экенин, анда китептери, оюнчуктары, алардын арасында машина бар  экенин баяндайт. Чыңгыз ал бурчту атасы түзгөнгө жардам бергенин, оюнчуктардын арасынан өзгөчө машиналар жагарын, чоңойгондо шофер болорун айтат. Анан гезит бетине “Чыңгыз шофер болом дейт” деген заголовка менен макала чыгат. Журналист кечинде атасы же апасы жомок айтып берерин айтып, булардын балдарга карата мамилеси өзгөчө деп мисал кылат. Мына ошол айткандарга карата ата-энем балдарга жаңыча мамиле жасашкан тура. Чоң энем улуу неберебиз деп Чыңгыз Төрөкуловичти сурайт. Ошондо атам апасына “Апа таарынба. Азыр балдарды башкача тарбиялоо керек, мектепке даярдоо керек. Жайында гана баланы сизге алып келип беребиз” дейт. Айткандай эле жайы менен Чыңгыз Төрөкулович чоң энемдин колунда жайлоодо болуп, чоң энем ага жалаң кыргызча кийим кийгизген.  Белине кур байлап, башына тебетей кийгизген сүрөтү бар болчу. Чоң энем жомок, макал-лакаптарды куюлуштура айткан чечен киши болгон.  Ошентип жай мезгили аяктаганда ата-энемдин колуна алып келип беришкен.

Ильгиз, Роза, Люция, Чыңгыз Айтматовдор энеси Нагима Айтматованын 90 жылдык мааракесинде

– Чыңгыз Төрөкулович тууралуу эмнелерди айтасыз?

– Чыңгыз Төрөкулович эки тилдүү болгон. 1935-жылы атам үй-бүлөсүн Москвага чакыртып Чыңгыз Москвадагы мектептен окуй баштаган.  Ал киши 1935/36, 1936/37-жылдары 1-2-классты Москвадан бүтөт. 1937-жылы бизди Шекерге жөнөткөндө, айылда “Биринчи мугалимде” жазылган Дүйшөндүн мектебине эл душманынын баласы деп албай коюшат. Бир киши мыйзамга таяп, акыры мектепке кабыл алдыртат. Үчүнчү классты ошол жерде, төртүнчү классты Кировдо окуйт. Аңгыча согуш башталып калат. Илгиз Төрөкуловичтин эскерүүсүнө караганда турмуш ушунча кымбаттайт: апамдын алган айлыгына бир бөлкө нан келет.  Айла жок кайра Шекерге кетип, алтынчы классты бүткөн соң, 1943-жылдан баштап мектепте окуганды токтотуп сельсоветке катчы, анан финагент, трактористке жардамчы болуп иштейт. Ал орусча, кыргызчаны жакшы билген. Кош  тилдүү бала дебедимби. Райондон орусча келген документтерди кыргызчалап берет. Элдин баары согушка кетип калгандан кийин улуу киши башкарма болуп, болгону төрт эле тамганы жазганды билчү экен. Кийин согуштан бир жигит жарадар болуп келип, аны катчы, Чыңгыз Төрөкуловичти финагент кылып коюшуптур. 1945-жылы согуш бүтүп, жеңишке жеткенде апам окугусу келбей, иштей эле берейинчи дегенине болбой, мектепти бүтүшүң, жогорку окуу жайына окушуң керек деп макул болбойт. Ошондо 1-2-классты орусча, 3-классты кыргызча, 4-классты орусча, 5-6-классты кыргызча окуп, 7-классты окубай туруп, 8-классты орусча окуйт. Айтор толук билим албай, бирок орусча да, кыргызча да жаза билген. Чыңгыз Төрөкуловичке жазуучулук шыбага кудай тарабынан берилген белек болду го.

Чынгыз Айтматов уулу Эльдар менен

– Сиз дагы китеп жаздыңыз. Жазуучулук шыгыңызга агаңыз таасир эттиби же бул талант кудай тарабынан берилдиби?

– Мен муну ойлочу деле эмесмин. Жаш кезимде Чыңгыз Төрөкулович бир акындын ырларын сөзмө – сөз (подстрочный ) орусчага которбойсуңбу деп калды.  Мен макул болуп, ал ишти жасадым. Анан акчасын алдым. Ошону менен бул темага кайрылбадым. Эгерде ошондо уланта берсем, балким жазмакмын. Бирок ал кезде өзүмдүн жаш балам, үй-бүлөм бар эле. Кийин 1937-жылдагы тарыхый сыр ачылганда, Ата-Бейит мени абдан чоң кайгыга салды. Ошондо кой деп жазууга кириштим. Бир жагынан ушул, экинчи жагынан Чыңгыз Төрөкуловичтин 60, 70 жылдык мааракелеринде гезит, журналдардан туура эмес маалыматтарды окуп калаар элем. Туура эмес маалыматтар кетпесин деп билгендеримди жазып коеюнчу деп жаздым. Эми жазуучу болуп деле кыйратканым жокмун дечи. Бирок оюмдагы мен жакшы билген нерсени чиймеледим. Жазуучу болуу үчүн философияны жакшы билүү керек, маалыматы абдан көп, көп нерсени түшүнүшү керек.

– Чыңгыз Айтматовдун карындашы болуу сиз үчүн канчалык жоопкерчиликтүү, канчалык сыймыктуу болду?

– Албетте, бул жоопкерчиликтүү нерсе. Бирок мен Чыңгыз Айтматовдун карындашымын, мындай кылышым керек деп эч качан айтпадым. Кудай берген мүнөзүм, жүрүм-турумум менен ашыкча деле эч нерсе кылбайм. Көөп кетпейм, басынып кетпейм. Чыңгыз Төрөкуловичтин жакшы жактарын жакындан билем. Ал кишинин бактысы го деп ойлойм. Ал кишинин баскан турганы, турмушка болгон мамилеси мен үчүн үлгү. Маселен, бала кезде көргөн кыйынчылыктарды жеңип, жакшы жолго түшкөнү өзүнчө сөз. Кийин атак-даңкка жетип,  канчалаган мактоолор, сыйлыктар берилди, ошондо дагы бир калыбынан жазбады. Чыгармалары биринин артынан экинчиси кызыктуу болду. Бул дагы өзүнүн талыкпаган эмгеги, изденүүсү болду. Мунун баары биз үчүн, андан кийин өсүп келе жаткан үй-бүлөдөгү балдар үчүн үлгү болду.

– Учурда эмне менен алектенесиз, Сиз жетектеген “Аялдарды колдоо  борбору” тууралуу айтсаңыз?

– Мен эми 80ден ашып калган мезгилим, “Аялдарды колдоо борборунун” ардактуу эле жетекчисимин. Анда-санда эле келем. Бул жердеги иштердин баарын жаштар аткарат. Мен аларга баарын үйрөтүп койгом (күлүп). Борбор абдан жакшы иштерди аткарды.

Учурда биздин мамлекетте “гендер” деген түшүнүккө карата мамиле бир аз башкача болууда. Гендерди аялдар деп түшүнүшөт. Чынында гендер аялдар менен эркектердин маселесин карайт. Аялдар менен эркектердин жашоо тажрыйбалары ар түрдүү  болот эмеспи, алардын турмуш-тиричилик керектөөлөрү да айырмаланып турат. Мисалы алар ар түрдүү дарттар менен ооруйт, ар түрдүү врачтардан дарыланышат (гинеколог, андорлог). Ал эми жакырдык, конфликттер, саясий жана социалдык туруксуздук, эпидемиялар, мис. ВИЧ, кургак учук ж.б. аялдар менен эркектерге таасирин ар түрдүүчө тийгизет. Ушуга байланыштуу аялдар менен эркектердин муктаждыктары , керектөөлөрү, аялуулук деңгээлдери ар түрдүү спецификага ээ болушат. Бая күнү телевизордо  базарда иштеп акча таап келген аял үйгө келип күйөөсүнө чоң сүйлөйт деп бирөө айтып жатат, муну гендерден көрүп жатат. Ошенткен аялдын акылы жок да. Биз эч качан иштеп акча таап, үйгө барганда күйөөңөр, кайненеңер менен урушуп, чоң сүйлөгүлө деп үйрөтпөйбүз.  Тескерисинче, үй-бүлө бекем болсо экен дейбиз. Баккан балдары жакшы болсо экен деген максат менен иш жүргүзөбүз. Эмне үчүн биз көбүнчө аялдардын кызыкчылыгын колдойбуз? Анткени, практика жүзүндө аялдар көбүрөөк басынат, көбүрөөк зордук-зомбулукка туш болот. Кабыл алынган мыйзамдар аялдардын укугунун спецификасын эске алышпайт, ошон үчүн алар конституцияда каралган укуктары менен колдоно албайт.  Аялдар чечим кабыл алган деңгээлдерге катышышы керек (мис. Жогорку Кеңешке депутаттыкка ошон үчүн 30% квота киргизилген), анткени алар аялдардын жана балдардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн жакшы билишет.

Сүрөттөр ачык ублактардан алдынды

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of