2019-жылы ырчы Анжеликада кандай сюрприздер болот?

Интрига, ушак айыңдан башы чыкпаган Анжелика Кайратова коомчулуктун көңүлүн дагы өзүнө бурдурганы турат. Күйөрмандарын 2019-жылы кандай сюрприздер менен таң калтыраарын “Супер-ТВ” каналына маек берип жатып билдирди.

Анжелика келе жаткан жаңы жылда чыгармачылыгынын 22 жылдыгын белгилейт. Ал кыялындагы экинчи жеке концертин берүүгө камынып жатат.

Сахнада жүргөнүмө билинбей эле 20 жылдан ашыптыр. Анан да эң негизгиси көптөн күткөн 30 жашымы тосуп алам. Буюрса 2019-жылдагы концертиме даярдыктар башталды. 4 жыл мурун уюштурулган тушоо кесүү концертим өзүмө да аябай жаккан болчу. Андан да мыкты даярдыктар менен күйөрмандарымы кубандырайын деп жатам. Мунун бары элим үчүн сюрприз. Буюрса жаңы формата  жазылган ырларды тартуулайм”, -дейт ырчы.

Азыркы тапта Анжелика чет өлкөлүк алдыңкы режиссерлор менен иштешип жатканын белгиледи. Ошондой эле репертуарларын толуктоодо. “Бир бутум азыр чет мамлекеттеги студияларда болуп жатат. Бул да болсо эмгегим менен тапкан акчамы чыгармачылыгын өркүндөтүү үчүн жумшап жатканым деди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of