Экс-президентке саясатка аралашууга тыюу салынышы мүмкүн

Депутат Акылбек Жапаров экс-президенттин саясатка аралашуусуна тыюу салууну демилгеледи. Ал мындай сунушунун экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорунда эске алууну суранды.

Эл өкүлүнүн айтымында, экс макамын алгандан кийин мурдагы мамлекет башчысы саясатка аралашпай, сабак-насаатын окуп, өз айылындагы көйгөйлөр менен алектенсе болот. Эгер саясатка аралашса, анда экс деген макамынан таптакыр ажыратылышы керек.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Курманкул Зулушев Акылбек Жапаровдун сунушун колдой турганын билдирди. Маселе документти экинчи угууда каралат.

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзам долбоору ушул тапта ЖКда биринчи окууда каралып жатат. Авторлору – Исхак Масалиев, Курманкул Зулушев.

Эл өкүлдөрү мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-берене Баш мыйзамга карама-каршы келерин айтышууда.

Депуттар демилгелеген өзгөртүүлөр парламент тарабынан кабыл алынса, мурдагы президентти кылмыш жообуна тартса болот. Ошондой эле экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулуп, көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүн өмүр бою кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу жокко чыгарылат.

Кыргызстанды буга чейин башкарган мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамы бар.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика