Ош-Бишкек жолундагы кырсыктан 3 адам мерт кетти

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда  айдоочу уктап кеткен болушу мүмкүн.

Бүгүн таңга жуук Бишкек-Ош унаа жолунун 307-чакырымында үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.“Мицубиси Делика” үлгүсүндөгү автоунаа оор жүк ташуучу «Мерседес-814» унаасы менен бетме бет кагышкан. Окуя Токтогул районуна караштуу Камбар-Ата ГЭСине жетпей болгон.

Бул  тууралуу Жалал-Абад ЖКККсынын тескөөчүсү Айбек Сатыбалдиев “Калыс Медиага” билдирди.

Кырсык таңкы саат 05:50дөр чамасында орун алган. Каза болгондордун экөө жүргүнчүлөр, ал эми үчүнчүсү айдоочу. Жеңил унаанын ичиндеги 5 адам Чаткал районунун тургундары экени такталды.

“Кырсыкка кабылгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаанын айдоочусу уктап кетип, Бишкектен Ошту көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Каза болгондор, жаракат алгандардын баары тең жеңил унаада бара жатышкан. Оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, жүктөрү чачылып кеткен. Айдоочу жалгыз болгондуктан бактыга жараша жабыркаган эмес”, – деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Азыркы тапта жаракат алган 2 адам Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилди. Бирөөсүнүн абалы оор. Кырсыктагандардын аты-жөнү такталууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of