Самара Каримова жаңы жылда жети күн концерт берет

1-7-январда Самара Каримова Оштогу “Кыргызстан” кинотеатрында жети күн катар концерт берет. Ырчы афишасын соцтармакка жарыялады.

Ал күйөрмандарын жаңы жылдын алгачкы күндөрүн чогуу өткөрүүгө чакырды.

Жети күн катар концерт – Самара үчүн рекорд эмес. Ал 2015-жылы 10 күн катар Ош улуттук драма театрында концерт берип, коомчулукта чоң талкууга жем таштаган. Ал кезде ырчынын жолдошу драма театрдын директору болгон.

Бул жолку бир жумалык концерт өтчү “Кыргызстан” кинотеатрын азыр Самара Каримова иштетет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of