Транспорт министринин кызматтан кетпей отурганы депутаттарды таң калтырды

Депутаттар транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетпей отурганы боюнча прокуратурага териштирүүнү тапшырды. Министрдин орун басары коррупцияга шектелип кармалган. 

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов министрдин берген эки башка маалыматы боюнча териштирүү керек деп ойлойт.

Орун басары кармалган күнү министр өзү шок болгонун, билбегендигин айтып чыкты. Кечээ кайра билет элем деп жатат. Бул кандай маалымат? Билсе эмне үчүн алдын алып, коррупцияны жое алган жок. Бүгүнкү күнгө чейин кантип отурат отставкага кетпей”, – деди Сулайманов.

Ал эми Абдывахап Нурбаев өкмөт башчысы билип туруп, үн катпай отурганынан таң калып атканын билдирди.

Кечээ премьер-министрге айтсак, мен билет элем деди. Бул боюнча маалымат берем деген бойдон кабар жок.  Элдер ал киши өзү да аралашкан окшойт деп ойлоп калды да. Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлгө алып коюшуңуздар керек. Эмне үчүн министрди кетирбей кармап отурабыз? Анын моралдык да укугу жок болчу”, – деди Нурбаев.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары тендерден италиялык компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн 520 миң АКШ доллар пара сураган. Анын 50 миң долларын алып жаткан кезде кармалган.

Бул боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев алдын ала маалымат болгондугун билдирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of