Бангкокто “Аалам сулуусунун” аты аталды. Сүрөттөр жана видеолор

Бангкок шаарында өтүп жаткан “Аалам сулуусу — 2018” конкурсу жыйынтыкталды. Жеңишке Филиппиндик сулуу Катриона Грэй жетип, ал дүйнө периси аталды.

24 жаштагы Грэй ВИЧ/СПИД илдети менен күрөшкөн Love Yourself уюмунда иштейт. Ошондой эле Young Focus деп аталган коммерциялык эмес уюмдун ыктыярчысы.

 

Ал эми экинчи орунду Венесуэла сулуусу Стефани Гутьеррес алды. Конкурстун финалдык бөлүгүндө Европа Африка жана Тынч океанын Азия бөлүгү, Түштүк жана Түндүк Америкадан келген бештен өкүл катышты.

Сынактын финалы Бангкок шаарында өттү.

 

 

Сынакка Кыргызстандын атынан 20 жаштагы Бегимай Карыбекова катышып жаткан. Өкүнүчтүүсү финалдык бөлүккө чыккан жок.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

COUNTRY : KYRGYZSTAN 🇰🇬 HOMETOWN: BISHKEK AGE 20 HEIGHT 5’10” #missuniverse2018 #missuniverse #misskyrgyzstan

Публикация от Miss Universe Kyrgyzstan 2018 (@begimaykarybekova)

 “Аалам сулуусу — 2018” конкурсу быйыл 67-ирет уюштурулуп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика