Кыргыз элим менен ракты жеңем! 12 жашар Адеми элден жардам сурады

Операция үчүн Адеми Рысбек кызына 45 миң доллар керек болуп жатат.

Ал 2 жылдан бери кандын рагы менен жабыркап келет. Ооруган күндөн бери кымбат анализ, дары-дармектер жана химия жасатууда.

Колубузда болгон нерсебизди сатып, жылдап онкологиялык ооруканада жатып, тынбай химия алып келди. Учурда ден соолугу начарлап, Индияда операция жасатуу талап кылынууда. Донор болуу үчүн бир тууган агасы менен сиңдисинин анализдеринин жыйынтыгы туура келип калаар деп үмүттөнүп жатабыз”, – дейт Адеминин апасы.

Адеминин операциясына кетчү 45 миң долларды табыш кыйын болуп жаткандыктан,  ата-энеси кайрымдуу кыргыз элинен жардам сурайт. Анын жашоосуна кайдыгер карабагандар бул даректерге акча которсо болот.

Алуучу: ОАО “РСК БАНК”, БИК:129001, Эсеп: 1299083510000053, Маматсаева Заира Эмилбековна

Карт эсеп: номер: 000001584650/90802417351600000487.

Элсом: 0770686443 (ушул номерге бирдик түрүндө салсаңыздар да болот).

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика