ЖК депутаты мыкты аталган мектеп директорлорун Египетке жиберди

Жумгал районунун төрт мектеп директору, бир айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңешинин төрагасы Египетке эс алууга кетти. Ал жакта 10 күн эс алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков “Калыс Медиа” сайтына билдирди.

Жумгал районундагы мектептердин жана айыл өкмөттөрдүн мыктыларын тандоо сынагы болгон. Жыйынтыгында Чаек айылынын Таттыбүбү Турсуналиева атындагы орто мектебинин директору Лариса Жансариева, Башкоога айылындагы Ш. Садыбакасов орто мектебинин директору Аида Батракеева, Кызыл-Жылдыз айылындагы К. Акиев атындагы орто мектебинин директору Токтошүкүр Муталиев мыкты аталып, Египетке жолдомону утуп алышкан.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан Куйручук айылынын башчысы Талантбек Асанов жана айылдык кеңешинин төрагасы Замир Байышов мыкты аталып, ушундай эле жолдомого ээ болушкан.

Эс алуу чыгымдарын депутат Абтандил Кулбараков көтөргөн.

“Негизи жолдомону Дубайга берген элек, бирок мектеп директорлорунун биринин документтери туура келбей калып, Египетке учуп кетишти. 26-декабрга чейин эс алып келишет”, – деди Кулбараков.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика