Андагы АЯЛ эбак өлгөн. Мигрант кыз-келиндердин тагдыры үч окуяда

0

Мигранттар деп биз жалпылап эле Кыргызстанды багып жаткан калың бир массаны кабылдап калдык. Ооба, алардын чет жакка кеткен себеби менен максаты бирдей, алыста калган мекени жана балдарына болгон кусалыгы окшош… Бирок ар биринин тагдыры менен кайгысы ар башка…

18-декабрь -Мигранттар күнү. Биз Фейсбук колдонуучусу Лили Ли  жазган кыргызстандык мигрант кыз-келиндердин жашоосу тууралуу баяндарын бөлүшөбүз. 


Беш баласына алып барчу эки билет кымбатка түштү -чайкалган мээ, талкаланган тиш, көгала дене. Бирок Дамирадан өткөн бактылуу жан жок эле… 

Дамира эжени жарым жылдан бери эле билем. Күйөөсү менен биздин батирге көчүп келгенде кубанганбыз, анткени батирдин ижара акысы 1300 рублга арзандады, карасаң көп деле акча эмес, бирок ал тыйынды жөн эле бирөөгө бербей, жок дегенде таттуу алган оң да)))

Дамира эже 85-жылкы, бирок жашынан бир топ эле чоң көрүнөт. Орусияда экинчи жылы иштеп жүрөт. Эки жылдан бери беш баласын көрө элек. Балдары кайненесинде, ай сайын ал жакка 25 миң рублдан жиберет. Алардын да кредити бар, мал алды беле, же дагы башка нерсеби, унутуп калдым.

Күйөөсү, 40 жаштагы Улан байке сыртынан аябай жакшы адам, дайым саламдашып, момпосуй, сок алып келип турат. Дайыма жардам колун сунат.

– Эже, бешенеңиз бар экен. Күйөөңүз алтын адам дейбиз.

– Ооба, – деп жылмаят.

А эртеси көзү көгөрүп, илеби айрылган…

Суроолуу көз карашыма “шкаф кулап кетти үстүмө” дейт.

Биздин үйдө шкаф барбы???? Өзүмчө ойлонуп коем. Бирок суроо бербедим, бирөөнүн үй-бүлөсүнө аралашкан туура эмес.

Бир нече күндөн кийн ашканада чай ичип отурдук. Көгала тууралуу сурадым, “күйөөм” деп шыбырай жооп берди.

– Кечиресиз, бирок бул туура эмес. Бул зомбулук! Анын сизди урганга укугу жок!

– Эч нерсе эмес. Баары эле ушинтип жашап келет…

Анын кайдыгерлиги таң калтырды. Зомбулук ал үчүн катардагы көрүнүш…

Көрсө, күйөөсү аялы кутуруп кетпеш үчүн бир айда бир уруп турат экен. Ал ичет, тапканынын 70%ы аракка кетет. Бирок ал өзүн алкаш деп эсептебейт, биз деле анын анчалык мас болгонун көрө элекпиз. Эмнегедир аракты таштай албай жүрөт, ушинтип жашагандарына 3 жылдан ашты.

Августтун аягында Дамира эже Кыргызстанга жөнөдү – балдарына болгон сагынычка чыдай албай жүргөн, күйөөсүн кетели деп көндүрдү. Анысы макул болду, анткени балдарын 5 жылдан бери көрө элек. Бирок кайната-кайненеси кредитке трактор алууну чечишиптир, дагы жарым жыл иштей тургула дешти.

Баш тартышса, ата-энеси катуу жинденди – балдарыңарды эки жыл карадык, бир сөз айтпадык, эми жарым жыл иштесеңер не болот? Тракторду көрүбүзгө алып кетмек белек, силерге эле калат го!!! – деп вотсаптан кыйкырып атышты…

Күйөөсү ичип кетти. Дамира эже айлыгын алып, Кыргызстанга эки билет сатып алыптыр. Мунусу үчүн мээси чайкалып, бир тиши сынып, бүт денеси көгала болду. Эки күн үйдө жатты, үчүнчү күнү баса баштады. Бирок андан өткөн бактылуу жок эле. Мекенине, балдарына алып барчу бул эки билет ага кымбатка түштү. Күйөөсүнөн келтек жеген, бирок кубанычтуу Дамира эже биздин көзүбүзчө баштыктарын жыйнай баштады. Жаңы, жакшынакай кийи таппады, баары эскилиги жетип калган. Ал күзгүдөн өзүн карап, көчөдө калган селсаякты эле көрдү. Башкача айтууга мүмкүн эмес…

Косметика, маникюр , чач кыскартуу, алтын сөйкө жана кечки көйнөк сыяктуу аялдардын катардагы кубанычы ага бейтааныш эле(((( Өмүрүндө жакшынакай макияж жасатпаган, алтын же күмүш шакек тагынбаган, ал тургай телефону да эски, бүт скотчтолгон… Бирок ал баары бир бактылуу болуп кайтып жатты, анткени балдары күтүп жаткан… Аларга момпосуй деле алып бара албайт, анткени кетерге жакын күйөөсү баарын ичип салды.

Дамира эже өмүрүндө гүл албаган, анын косметика баштыкчасы болгон эмес. Белекке өңчөй чачык же кастрюлдарды алчу. Андагы аялды эбак өлтүрүп коюшкан, ал бул жашоодо эне, жубай, келин… Бирок аял эмес…

Анан эң эле өкүндүргөнү – ушунун баарын ал норма катары кабыл алат.


Анын болгон дүйнөсү – Одноклассники , андан “понаехавшая чурканы” көргөн дүкөн кардарлары, андан беш мүнөттүк ырахатты көргөн биздин жигиттер… Анан КРЕДИТ. 

Батирдеги дагы бир кошунам Алина. Питерде эки жылдан бери иштейм дейт. Ал 22 жашта. Бирок аябай акылдуу, ал тургай акылман десем да болот. Сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк үн катпай жүрөт. Негедир ал менен жарым жылдай сүйлөшпөй жүрдүк, анан кайсы бир майрамды белгилеп, туугандай болуп калдык.

-Ата-энем бизнес баштамакчы болуп кредит алган – контейнер сатып алышты. Айылда кийим-кече сатып жүрүштү. Бирок иш оңунан чыкпады, анткени айыл шаарга жакын, анан товардын көбүн эле карызга таратышты, анысын кайтарып бергендер аз эле болду. Ошентип, күйүп кетишти. Жылына 16% үстөк менен 250 миң сом насыя анын мойнуна илинди, ал айына 20 миң сомдон жиберип турушу керек. Үйүндө үч кыз бар, улуу эжеси да Питерде, кичүүсү мектепте окуйт.

Анын ата-энеси жаш, апасы 40, апасы 38де. Дени сак, оорушпайт, бирок эч жакта иштешпейт.

-Эмнеге? – деп кызыгам мен. – Алар жаш, дени сак эмеспи. Бул жакка келишсин, сен аларды ишке жайгаштырасың, төртөөлөп бат эле бутка туруп кетесиңер.

– Жок. Атам үйдү таштап келгиси жок. А апам ансыз кадам баспайт. Анын үстүнө мен иштеп жатпаймынбы?

– Эжеңчи?

– Ал иш издеп жатат…

Анын эжеси 23 жаштагы чыйрак эле кыз, эркек балдарга окшоп кетет. Бир жылдан бери “иш издеп жүрөт”. Алинадан башкасынын баары эжеси жалкоо экенин, иштеп, кредитти жабууга жардам бербей турганын жакшы түшүнүшөт. Ал Гули эженин уулуна окшоп, сиңдисинен улам акча сурайт, анысын үйдөгүлөргө айтпа, кыжаалат болот дейт. Анткени эжеси көрүнгөн жерде иштегиси келбейт, жан дүйнөсүнө жаккан жумуш болушу керек. Андыктан ал  дагы эле иш издөө менен алек, жакында жумушка чыкса, Алина аз да болсо жеңилдемек.

Ушинтип убакыт өтүүдө. Бирок Алина жеңилдей элек. Кээде айлыкты бербей, кечиктиришет, андайда апасынан: “Алдабачы! Кайдагыны айтып кармап жатышат деп! Мына кошунанын кызы эрте менен акча салыптыр! Биз сага оор келип калдыкпы? Чыдап кой, жакында бизден кутуласың” деген заардуу смстер келет.

Ал ыйлайт. Капаланат. Айлыкты кечиктирип жатса, айыбы не? Бирок аны эч ким түшүнбөйт.

Кечинде баарыбыз болгон акчабызды чыгарабыз. 20 миң рублди тезирээк чогултуп, жөнөтүү керек, болбосо смс жазып ата-энеси кыйнайт.

Үйдө көппүз, бирөөсү 1000 берет, дагы бири 500, башкасы 5000. Ушинтип, беш мүнөттө 20 миң рубль чогултабыз, карточкасы барыбыз жакынкы соода борборуна чуркап, картага акчаны салат, анан Алинанын ата-энесине которобуз.

-Апа, сиздин атыңызга 20 миң рубль салдым, – деп жазат ал. “Алдабай , менин нервимди бузбай жана эле жибербейт белен забдержка – мадддержка дебей !” – деп наалыган жооп келет. Эми анысы маанилүү эмес, алар кодду алышты, таң эртеден шаарга банкка чуркашат. Анан тынчып калышат. Кийинки айга чейин Алина заардуу каттарды албайт, бирок ара-чолодо: “кызым баланска акча салчы”, “тойго баратабыз, 1000 рубль салып ий” дегендей смстер үзүлбөйт.

Түнкү 12де чай ичип отурабыз.

– Рахмат сиздерге! Айлык аларым менен акчаңыздарды кайтарып берем, – дейт ал.

– Албетте, кайтарасың, кайда качмак элең, – деп күлөбүз биз. Ал акчаны кайтарып берерин баары билет, бир аптада тыйыныбызды алабыз, торту да бар))) албетте, баарыбызга ортодо бир торт)))

Алина 22 жашта. Анын жогорку билими жок, мурда Ысык-Көлдө пансионаттарда иштечү, кийин таежеси Питерге келишине жардам берген, мунусу үчүн Алинанын бир айлык маянасын алган. Үйдө чанда тамак жасайт, курук бирдемелерди эле жеп жүрөт. Мен көбүрөөк тамак жасаганга аракет кылам, ал да ысык тамак жеп алсын дейм. Тамагымдын боткосу чыгып калса да, жаш баладай сүйүнүп жеп алат. Мен аны тамашалап, чоң кызым деп коем, ал ашканада отуруп Маликадан калышпай эркелегенди жакшы көрөт. Балдар менен сейилдегени чыгарбай койгон күндөр көп болду, тилдеп да жиберем, унчукпай макул болот. Мен жөн эле аны коргоп калгым келет, ал үчүн корком. Иштеген дүкөнүндө Алинага биздин эле жигиттер таанышалы деп жабышышат. Андайда мага чалат. Мен барып, балдарды сөгүп, кубалап чыгам. Биздин эле кыргыз жигиттер аны иштен кийин “эс алууга” чакырганына жаным чыгат.

– Эмне болуп атасың, арманда калбайсың, макул боло берчи!

– Что , деньги нужны ? Так я заплачу тебе !

– Ой эненди десе уродка кыргызча сүйлө !”

Мындай сөздүн далайын угуп, далайына чыдайт… Дүкөнгө ар кандай адам келет: масы да бар, нааразы болгону да бар… Айткан сөздөрүчү…

“Көңүл бурба” деп аны тынчтантам. Бирок көңүл бурбай койгонго болбой турганын өзүм да билем. Ар бир жаман сөз бизди жаралантат…

– Алина, чет өлкөдө окуп, иштегиң келбейби? Тил үйрөн, зээндүү кызсың, сенин колуңдан баары келет, – дейм. Бирок ал өзүнө ишенбейт. Чет жакта окуу ал үчүн кол жеткис нерсе.

Анткени мойнунда кредит, кайырчыдай акча сураган эжеси, анын келечегин ойлонбогон ата-энеси бар… Анын болгон дүйнөсү – Одноклассники , андан “понаехавшая чурканы” көргөн дүкөн кардарлары, андан беш мүнөттүк ырахатты көргөн биздин жигиттер…

Эч ким ага ишенбейт. Ал өзүнө өзү да ишенбейт. Анткени тагдыр жана түзүлгөн жагдай менен күрөшүүгө өтө жаш…


Алар али эч нерсени түшүнбөйт, чала тааныш өкүл бала аларга балмуздак же чипсы алып берип, кучактап, өөп жатканда кыздар чын дилден кубанышат.

Толкун эжени дүкөндө иштеген алгачкы күндөн бери билем. Аны, кыздарын жана жарандык никедеги күйөөсүн (бул менин ишим эмес, бирок жазуу керек эле) күнүнө 4- жолу көрүп турам.

Толкун эже менен күйөөсү ичет. Кудайдын кутту күнү алардын үйүндө коноктор бар, мен аларга күнүнө эки-беш бөтөлкөдөн арак, сыра ж.б. сатам. Канча баласы бар экенин билбейм, бирок эки кызын көп көрөм – Жайнагүл 16 жашта жана Аймира 12де. Экөө тең окушпайт, Аймира өмүрүндө мектепке бара элек.

– Эже, кыздарыңыз эмне үчүн окубайт. Аларды мектепке беришиңиз керек эле… – деп сура калам, эженин маанайы жакшы болгондо.

-Алар окушат, азыр каникулда – деп мага жалган айтат. Сентябрда, октябрда, жыл бою эле каникул боло бербейт да.

Бирок эң эле жүрөк оорутканы – ал кыздарын дүкөнгө аракка жиберет.

– Силер жашы жете элек балдарсыңар! Мен силерге арак сатпай коюуга укуктуумун!

Алар кетишет, анан апасы чуркап жетип келет…

– Ай , Лида , берип койсон өлөсүңбү , кыргызбыз го , убара кыласың да коноктордун көзүнчө…..

– Балдарды аракка жибербеңиз! – деп ачууланам мен. Ал бирдемелерди кобуранып, жаздырып арак алып, артына жөнөйөт.

Анан кыздарын ар кайсы эркектерге кошуп,  аларга карызга арак берип турушумду суранган катты жазып жиберет…

Көп учурда ал кишилер мас. Мен кыздар үчүн корком…

– Эже, кыздарыңызды ар кайсы эркекке кошуп, кечкисин неге дүкөнгө жибересиз? – дейм аракка өзү келген күндөрү. Алар мас да, башына эмнелер келерин ким билсин!

– Кайдагыны айтпачы! Мунусу менин өкүл балам, тигиниси кайним, үчүнчүсү күйөөмдүн аталаш тууганы ж.б. Эмне эле жаманды ойлоносуң?

Анын айыбы менен кыздары зордук-зомбулук курмандыгы болуп калышы мүмкүн экени энени таптакыр ойлондурбайт. Кыздарга аябай боорум ооруйт, алар али эч нерсени түшүнбөйт, чала тааныш өкүл бала аларга балмуздак же чипсы алып берип, кучактап, өөп жатканда кыздар чын дилден кубанышат. Алар ушул кичинекей картөшкө же базмулдак алардын кыздыгы үчүн акы болуп калышы мүмкүн экенин түшүнүшпөйт.

Кыздарына ушундай мамиле жасаган энелерди такыр түшүнгөн эмесмин.

Энесинин жанында жүргөн кыздар балалыктан айрылган, алар апасынын аягы тыйылбаган конокторуна арак менен минералканы ташып бүтүшпөйт…

Алар өмүрүндө мектепке барбаган, партага отурбаган балдар…

Алар окуудан, жок дегенде орто билимдүү болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган балдар…

Булар ким болуп чоңойот? Кыздардын келечеги барбы өзү?

Муну мен билбейм, бир билгеним – балалыктан ажыратылган балдарга боорум ооруйт…

Лили Линин кыргызстандык мигранттардын жашоосу тууралуу постторун #ожизнимигрантов хэштеги менен таап окусаңыз болот. 

Сүрөттө: кыргызстандык мигрант аялуу “Айка” тасмасынын баш каарманы

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of