Майыптардын укугу тууралуу конвенцияны аткарууга 7 млрд. га жакын акча керектелет

Жогорку Кеӊеште БУУ тарабынан кабыл алынган майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун парламент депутаттары карап, концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген.

Негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү менен камтылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң адамды түзгөн же Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд. 647 млн сом керектелет. Мунун ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий жашоого катышуу, эс алуу, спорт менен машыгуу, инфраструктураны жакшыртуу каралган.

Ушул тапта Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика