Ошто төрт сотко кылмыш иши козголду

Ош облустук жана шаардык соттун төрт судьясына кылмыш иши козголду. Алар өзгөчө оор кылмышка шектелген Тажикстан жаранына мунапыс берип, качып кетишине шарт түзгөн деп айыпталууда. 

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ош шаардык сотунун төрагасынын орун басары А.Ж.; шаардык соттун судьясы К.Ж. жана Ош облустук сотунун судьясы М.Н.  менен ушул инстанциянын мурдагы судьясы Т.М.ге карата иш козголгон.

Аларга “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу” беренеси менен айып тагылган.

“Бул судьялар 2016-жылдын 30-декабры жана 2017-жылдын 28-мартында Тажикстандын Б.Т. аттуу жаранына карата адилетсиз чечим чыгарган. Ал чоң көлөмдөгү баңгизаты менен кармалып, оор кылмышкер катары соттолгон. Бирок “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы жана Улуттук боштондук күрөшүнүн 100 жылдыгына карата мунапыс берүү” жөнүндө чечим чыгарып, кылмышкер кое берилген”, – дешти башкы көзөмөл органдан.

Натыйжада ал өз мекенине качып кетүүгө шарт түзүлгөн.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү документтер УКМКга жөнөтүлдү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of