Футбол: Кыргызстан Иорданияны утту

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Иорданияны жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстан футбол федерациясынан кабарлашты.

Кечээ күнү Катардын Доха шаарында өткөн оюнда Кыргызстан Иорданияны 1:0 эсебинде утуп алды. Экинчи бөлүмдө киргизилген жалгыз голдун автору Турсунали Рустамов.

Эскерте кетсек, Кыргызстан футболчулары Азия чемпионатына даярдык иретинде машыгууларын Катарда өткөрүп жатат. Жолдоштук беттешке чыккан Иордания да Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнүн катышуучусу.

Командага жакынкы күндөрү Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин жана Даниэль Тего келип кошулган.

  • Футбол боюнча Азия чемпионаты 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Арап Эмираттарында өтөт. Тайпалык баскычта Кыргызстан, Кытай, Филиппин жана Түштүк Корея командалары менен беттешет.
  • Кыргызстан тарыхта биринчи жолу Азия биринчилигине катышып жатат

Сүрөт: sport.akipress.org

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика