Абылгазиев Анарбаевге сөгүш берди

Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттөн билдиришти.

Буга чейин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты интернетте тараган.

Бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылып, мындай иш-аракеттер “Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү” боюнча мыйзамды сактоого багытталганы айтылган.

Банктык эсеп жана ячейкалар боюнча реестрди түзүү аталган кызматтын аналитиктери тарабынан маалымат алуунун натыйжалуулугун арттыра турганы белгиленген.

Финчалгындоо кызматынын бул кадамын кескин сындап чыгышкан.

Кыргызстанда 20дан ашуун коммерциялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика