Абылгазиев аялуу балдар тарбияланган мекемелерге барды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жаңы жылдын алдында Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер тарбиялануучу мекемелерге барды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапар алкагында Абылгазиев №12 көмөк көрсөтүү мектебинин жана Кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларынан кабар алды.

Өкмөт башчы мугалимдердин жана окуучулардын күчү менен даярдалган майрамдык концерттик программага кб болуп, балдарды жана алардын ата-энелерин, мекемелердин жалпы жамаатын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырды.

Өкмөт башчы мекемелердин жамааттарына жанын аябаган эмгектери жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көрсөткөн камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында №12 көмөк көрсөтүү мектебинин жана Кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун жамааттарына материалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн акчалай сертификаттарды тапшырды.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика