Бишкек мэриясы жаңы жылдык корпоративден баш тартты

Буга кызматкерлеринин убактысы жоктугу себеп болгон.

Бул тууралуу “Калыс Медиага” Бишкек мэриясынын коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Кызматкерлер жаңы жылдык корпоратив өткөрүүнүн ордуна ооруп жаткан кесиптешине акча чогултуп беришет.

“Ар кимиси колунан чыккан акчаны берип жатышат. Бул демилгени команданын баары колдоду. Чындап келгенде мэриянын майрам тосконго убактысы жок. Азыр да мэр эл менен жолугуп жүрөт”, -дейт Алмамбетова.

Буга чейин ушундай эле демилгени өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана Жогорку Кеңеш да көтөрүп, жаңы жылдык корпоративден баш тартышкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика