Сүрөтчү Жээнбековдун портретин эмнеге топурак менен тартканын айтты

Белгилүү сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов президент Сооронбай Жээнбековдун портретин топурак менен тартып чыкты. Эмгек кантип жаралганы тартылган видеону “Айтыш фильм”  жарыялаган.

Сүрөтчү “Калыс Медиага” билдиргендей, бул эмгиги үчүн бир күн убактысы кеткен.

“Топурак менен тартканымдын себеби “Туулган жердин топурагы алтын”, – деп ыйык тутуп келет кыргызда. Ошондуктан символикалуу негизде топурак менен жасадым”, – деди сүрөтчү.

Койчуманов таанымал инсандардын сүрөтүн өзгөчө каражаттарды колдонуп тартканы менен белгилүү. Буга чейин Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморовду чопо менен тартса, Токтогул менен Саякбай Каралаевдин элесин айран менен түшүргөн.

Төлгөбек Койчуманов – “Аку” мультфильминин режиссеру.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of