УКМК Бишкек ЖЭБ боюнча ишти тергеп бүттү. Зыян – $111 млн

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин тергеп бүттү.

Атайын кызмат “Сапар Исаков баштаган бир катар жооптуу кызматтагы адамдар ыйгарым укуктарынан пайдаланып, ТВЕА менен өлкө пайдасына каршы келишим түзгөн. Андан мамлекетке 111 млн 253 миң АКШ доллары зыян болгон” деп билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, 2010-жылы Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигинин (ЦАРРИ) ошол кездеги коммуникация кызматынын башчысы Сапар Исаковдун катышуусу менен Бишкек ЖЭБин оңдоо маселеси каралган. Дүйнөлүк банк 150 млн доллар,  «ТВЕА» 200 млн долларлык долбоорун сунуштаган. Андагы жыйында кытайлыктардын сунушу Кыргызстандын пайдасына каршы жана техникалык мүчүлүштүктөрү да бар деп табылган.

“Бирок Исаков 2013-жылы президенттин аппарат башчысынын орун басары болуп туруп, долбоорду ишке ашырууну өз кызыкчылыгында көзөмөлгө алып, ТВЕА компаниясына 386 млн доллар үчүн ЖЭБди оңдоо укугун берет. Ошол эле учурда ал кытайлык компаниянын мындай долбоорлордо тажрыйбасы, техникалык-экономикалык негиздемелери, долбоорлук-сметалык документтери жоктугуна атайылап көңүл бурган эмес”, – дешти УКМКдан.

Атайын кызмат ЖЭБди оңдоо үчүн каражат Кытайдын ЭКСИМ Банкынан өкмөт кепилдиги менен 20 жылга 2%дык жылдык үстөк менен алынган эске салды. Насыя алынган 2014-жылдан бери Кыргызстанда дээрлик 23 млн долларды төлөдү.

Ушул тапта айыпталуучулар менен адвокаттары кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатат. Ушундан кийин иш Башкы прокуратурага айыптоону ырастоо үчүн жөнөтүлөт да, андан ары иш сотко өтөт.

Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу жай айында кармалган. Экс премьер жана анын санаалаштары коюлган айыпты негизсиз деп эсептейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of