Чүй дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды

9-январда Чүй дарыясынан белгисиз эркек кишинин сөөгү табылды. Бул Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 30-чакырымы. 

ӨКМ куткаруучулары сөөктү чыгарып, милицияга өткөрүп берди.

Куткаруу кызматы өткөн суткада үч жолу жардамга чыккан. Алар дарыядан жансыз денени чыгаргандан сырткары Сүлүктүдө көмүр шахтасына тосмо орнотушкан. Караколдо болсо каналда тоңгон музду сындырып, сууну нукка салып беришкен.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of