Электр кыймалдаткычтуу автоунааларды кайра каттоодо салык алынбайт

2019-жылдан тартып электр кыймылдаткычтуу унаалардын ээлери машинаны кайра каттоодогу салыктан бошотулду. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. 

Ал эми өлкөгө жаңы алынып келинген гибрид кыймылдаткычтуу унааларды каттоодо салык эки эсе аз алынмакчы. Тиешелүү мыйзам 2018-жылдын 10-августунда кабыл алынган.

Эскерте кетсек, январь айынан тартып унааларды каттоодо жаңы тарифтер күчүнө кирген. Салыкты унааны өзүнө каттап жаткан айдоочу төлөйт. Эми машинасын биринчи жолу каттатып жаткандар унаа баасынын 5 пайызын, ал эми кайра каттатып жаткандар тарифтик сеткага ылайык, машина баасынын 0,3 пайызын төлөшү керек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of