Бекешов түкүргөн жарандарга айып пул салбай, коомдук жумушка тартууну сунуштайт

Жаӊы жылдан тарта иштей баштаган бузуулар кодексинде, тагыраагы айып пулдарды салуу боюнча бир катар кемчиликтер орун алганын белгилеген депутат Дастан Бекешов өз сунушун айтты.

Жаңы кодексте жол эрежесин бузуу фактысы катталгандан кийин 1 ай ичинде айып пул төлөнбөсө, ага туум кошулат жана аягында соттошуу жолу менен өндүрүлөрү жазылган.

Эл өкүлүнүн пикиринде, эгер жол эрежесин бузган киши 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, айып пулдун көлөмүн эки эсе азайтуу керек. Бирок, ал мас айдоочуларга тийиштүү болбойт.

“Чынында эле айып пулдардын көлөмү жогору болууда. 5500 сом көптөр үчүн оорчулук кылат. Ал акчаны өндүрүү да кыйын. Ошондуктан, мен 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, аны 50 пайызга кыскартууну сунуштайм. Мисалы, коопсуздук курун байланбаганы үчүн азыр 1000 сом болсо, а эгер ал айып пулду 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, 500 сом болуп калат. Айып пулдарга ошондой жеңилдиктерди кароо зарыл”, – дейт ал.

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев чынында бир түкүрүк үчүн 5500 сомду баардык эле адамдар төлөй албай турганын айтып, аларды коомдук иштерге тартуу аркылуу жазалоону сунуштайт.

“Бул мыйзам талкууланып жатканда, 5500 сомдун ордуна тартип бузган кишини коомдук иштерге тартууну сунуштаган элем. Бирок кодекстерде бир да коомдук иштерге тартуу деген түшүнүк каралбаптыр. Колунда бар адамдар 5500 сомду төлөп кете бериши мүмкүн, ал эми колунда жокторго өтө кыйын. Ошондуктан, алардын баарын коомдук иштерге тартсак, ошондо жазасын чындап алган болор эле”, – дейт ал.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of