Чаткалда кер-мур айтышкан айдоочу каршылашын атып салды

Бүгүн, 10-январга караган түнү саат 03:00 чамасында Чаткал районунда 31 жаштагы Улан Койчиев аттуу бишкектик жигит октон ажал тапты. 

Жалал-Абад милициясы билдиргендей, маркумга жергиликтүү  Аскат  аттуу тургун дагы бир шериги менен ок чыгарган. Ок жеген  Улан Койчиев Ала-Бука райондук ооруканага жетпей алган жаратынан улам жан берген.

Ыкчам иликтөө иштери көрсөткөндөй, 25 жаштагы Аскат аттуу шектүү өзүнүн БМВ үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдо турган. «ЧААРАТ ЗААВ» фирмасына бульдозер жүктөп алып бара жаткан Вольво-FH 12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы келип БМВнын жанына токтойт. Жүк унаадагы эки адам: айдоочусу менен анын шериги – маркум Улан Аскаттан машинасын жолдун чекесине жылдырып коюуну суранышат.

Шектүү делген Аскат мас абалда болгондуктан, ортодо келишпестик пайда болуп, автоунаасындагы ок атуучу куралы менен Уландын көкүрөк тарабына атып жиберип, окуя болгон жерден качып кетип калган.

Көп өтпөй шектүү болжол менен саат 06.30 чамаларда кармалып, Чаткал РИИБге жеткирилген.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча топтолгон материал Чаткал РИИБне катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of