Абытова: жасалма справка менен 18ге чыга элек кыздарын турмушка бергендер көбөйдү

0

Кылмыш-жаза кодексине жашы 18ге жете элек адамдар менен никеге турууга, диний каада жүргүзүүгө тыюу салган жаңы берене эки жыл мурда киргизилген. Андан бери расмий статистика эрезеге жете электер менен никелешүү фактыларынын азайганын көрсөтүүдө, бирок эксперттер реалдуу көрүнүш башка деп жатышат. 

Жашы жете элек куракта нике кыюу балдардын укуктарын бузат. Толукталган  мыйзамга ылайык, 18 жашка чейинки адамдар (жигит, кыз)  менен  нике кыюу фактысы катталса, нике кыйган молдо, эки жарандын ата-энелери  жана жашы жаты элек менен баш кошуп жаткан адам жазага тартылышы шарт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренеси:

Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын:

Ата энелери (же камкорчусу)

Никеге диний каада жасаган адам (молдо же чиркөө кызматкери, же башка конфессиянын диний кызматкери)

Жашы жете элек адамга үйлөнүп жаткан жаран (аялы, же күйөөсү)

Мына ушул адамдар жашы жете элек жаранды никеге турууга карата диний каада жасагандыгы үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

 

Бул мыйзам күчүнө киргенинден берки 2 жыл убакытта эмне өзгөрдү? Гендер маселелери боюнча эксперт, “Аялдар Тынчтык Банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гульсана Абытова ой бөлүштү.

Көмүскө түрдө эрте никелешүүгө жол берилип жатат 

Мыйзамды ишке ашырууда жылыштар бар, айрыкча аймактарда жергилиткүү бийлик өкүлдөрү колдоого алышкан. Бирок, алыскы аймактарда жашаган көпчүлүк элдерге маалымат  жете элек. Ал эми маалыматтык жараяндар активдүү жүргүзүлгөн жерлерде элдер кыздарын эрте турмушка берүүдөн коркуп калышты десек болот. Ошентсе да көмүскө түрдө эрте никелешүүгө жол берилип жатат, айрым ата-энелер 18ге чыга элек кыздарына гинекологдордон боюнда болуп калды деген жасалма  справканы жасатып алып туруп, жоопко тартылып калбаштын жолун таап,  кыздарын  турмушка берип коюп жатат. Гинекологдун справкасы бар болгон үчүн айыл өкмөттөр да уруксат берүүгө аргасыз. Мыйзамды жакшы билген расмий имамдар андай учурда да нике окуудан баш тартып жатышат. Ал эми расмий имам эмес бирок, дин боюнча түшүнүгү, сабаты  бар молдолор жашыруун түрдө нике кыйган учурлар бар. Мындай фактылар болуп жатканы тууралуу  жыйындарда гана айтылып, расмий маалымат берүүдөн дарыгерлер да, ата-энелер да баш тартып жатышат.

Чечүүчү күч – ата-энелер 

Гинекологдор тарабынан справкалар берилип жатканы бул өтө жашыруун жүргүзүлүп, ачык айтылбай жаткан фактылар дарыгерлер кичине акчага кызыгып жаткан үчүн болууда. Бирок, негизги фигура бул ата-эне, эгерде алар дарыгерге жалдырап барышпаса, мындай нерселер болмок эмес. Бул мыйзамды ата-энелер түптүз кабыл алышып жатышат, аны кандай байкаса болот? Азыр тойлор кыз 18ге чыккан күнү өтүүдө. Айыл өкмөттөргө кыздардын аталары тойго уруксат берип койгула деп жалдырап барган учурлары көп экен. Айыл өкмөттөгүлөр “чыдап тургула туулган күнүнө аз калыптыр го”,- деп араң көндүрүп жөнөтүп жатабыз деген маалыматтарды айтышууда. Мындай фактылар ата-энелер кыздарын турмушка берүүгө ушунчалык  шашылып жатышканынан кабар берет. Албетте, ата-энелер менен, жаштар менен көбүрөөк иштешип, билимге тартылуу керектигин жайылтуу зарыл болуп турат”.

 Улуттук маалыматтык жараян уланууда

Маалыматтык жараян жүргүзүү менен эрезеге жете элек жарандардын никеге туруусуна тыюу салуу боюнча мыйзамдын ишке ашуусун колдоо” долбоорун ишке ашырып жатабыз. Долбоор былтыркы жылдын август айында башталган. Биздин  “Аялдар Тынчтык Банкы” тарабынан ишке ашырылууда,  өнөктөшүбүз  – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы. Мындай жараян алкагында аймактардагы диний лидерлерди окутуу, андан соң алардын жардамы менен башка элдерге маалымат таратуу пландалган. Маалыматтык кампания  БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) “Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын маргиналдашууга туруштук берүүсүнүн мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу аркылуу жогорулатуу”долбоорунун алкагында, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин каржысы менен ишке ашырылууда.

Маалыматтык өнөктүк алкагында өлкөнүн 7 областынан жана эки шаарынан  экиден диний лидерлерди тандап  тренинг өткөзүлүп,  эрте никелешүүнүн зыяны тууралуу  маалымат берилди. Фильмдер, социалдык роликтер көрсөтүлүп ошондой эле китепчелер, материалдар  менен катышуучулар камсыз болушкан. Ал тренингден кийин катышуучу-кыздар медреселеринде, жума намаз учурунда мечиттерде “Эрезеге жете электе никеге туруу – кылмыш” деген темада окутууларды  активдүү өткөзүп жатышат.

Сөзү өтүмдүү диний лидерлер түшүндүрүү иштерине тартылды 

Маалыматтык кампаниянын максаты – эрте никелешүүнүн алдын алуу, анын зыяндуулугун элге жеткирүү, айрыкча аталарга. 2017-жылы болуп өткөн Улуттук маалыматтык кампанияда окуу жайларда ата-энелер чогулуштарын өктөрүп, фильмдерди коюп, баракчаларды таркатып, мыйзамдагы толуктоо-өзгөрүүлөр жөнүндө  айтып бергенбиз. Ал чогулуштарга көбүнчө апалар катышып калган үчүн, бул жолку долбоордо аталарга көбүрөөк маалымат жеткирүүнү максат койгонбуз. Ошон үчүн эркектер көп чогулган жума намаздарда маалымат жеткирүүнү эффективдүү көрдүк. Анын үстүнө диний лидерлердин сөзү да өтүмдүү болгон үчүн, биз дал ошол адамдарды спикер кылып тандап алып иш алып баруудабыз.

Бул жараян Кыргызстандын 7 областында жана эки шаарында 2019-жылдын февраль айына чейин жүргүзүлөт.

 Гулжан Алтымышбаева, Ош

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of