“Ош-Тазалык” жетекчисинин кабинети 240 миң сомго оңдолбойт

“Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун иш бөлмөсү оңдолбойт. Бул тууралуу “Калыс Медиага” мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Ош мэриясынын өкүлү Азамат Абсаттаровдун айтымында, мэрия кечээ чыккан маалыматты иликтеп аны артка кайтарды.

“”Ош-Тазалык” ишканасы азыркы учурда ташданды чыгаруучу атайын техника жана ташданды контейнерлери, урналарына муктаж. Жетекчинин кабинетин оңдоодон өткөрүү зарылчылыгы жок. Нурбек Исмаилов тендерге адашып жарыялап жиберген”,-дейт Азамат Абсаттаров.

Кечээ күнү мамлекеттик сатып алуулар сайтына “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчисинин кабинети 242 миң сомго оңдолот деген маалымат чыккан.

  • Нурбек Исмаилов 2018-жылдын декабрь айында “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын башчысы болуп дайындалган.
  • Нурбек Исмаиловдун “Кличко” каймана аты бар. Ал спорттун грэпплинг түрү менен алектенет.

«Ош-Тазалыкка» мушкер жетекчи келди

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика