Орусияда төрөшүнө саналуу күндөр калган келин сноуборд тээп жүргөн видеосун жарыялады. Болгондо да болочок эне курсагы ачык кийинип жүргөнүн соцтармак колдонуучулары талкуулап жатат.
“Кош бойлуулуктун тогузунчу айы эле. Эшикте январь”, – деп келин өз жоругун сүрөттөйт.
Колдонуучулардын көпчүлүгу болочок энени сындаган менен, ага колдоо сөздөрүн жазгандар да четтен табылат. “Кош бойлуулук – оору эмес. Аял сергек жашоо образын алып барууда. “Эмнеси жаман?”, “ичин эле ачып алганы болбосо, кыймылдаганы өзүнө жакшы, оңой төрөйт” – деген ой-пикирлерди калтырышкан.
Фейсбук “эксперттеринин” бир даары келиндин түйүлдүгү тогуз айга жете элек деп болжошту.
Видео НТВнын ФБ баракчасына жарыяланган
Пикир калтыруу