Көзү азиздер үчүн Конституцияны Брайль шрифтинде чыгарышты

Боршайком Кыргызстандын Баш мыйзамын көзү азиздер үчүн кыргыз жана орус тилдеринде басып чыгарды. Эми документ менен көзү азиздер өз алдынча тааныша алат.

Брайл шрифтиндеги Конституциянын 10 нускасы кыргыз, 10 нускасы орус тилинде басылган. БШК анын экиден үлгүсүн Жогорку Кеңешке жана Улуттук университеттин китепканасына өткөрүп берди. Калгандары аймактарды ЖОЖдордго таратылат.

“Бул чара ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну өркүндөтүүнү максаттайт. Инклюзивдүүлүктү жогорулатууга багытталган иш-аракеттердин кеңири планынын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укук маданиятын, сабаттуулугун жакшыртуу боюнча башка колдонмолор, маалыматтык материалдар дагы чыгарылат”, – дешти БШКдан. 

Брайл шрифтиндеги Конституция ЕККУнун колдоосунда басылган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика