Укук коргоочулар: Чеченстанда кумсаларды куугунтуктоо уланууда

Сүрөт: Максим Шеметов / Reuters

Чеченстанда ондогон кумсалар кармалды, кеминде экөөсү өлтүрүлгөн. Бул тууралуу  «Интерфакска» “ЛГБТ-сеть” укук коргоо уюмунун өкүлү Игорь Кочетков билдирди.

“2018-жылдын декабрь айынан бери Чеченстанда сексуалдык ориентациясына карап эркектер менен аялдарды кармоонун жаңы толкуну башталды. Кырктай адам кармалып, кеминде экөөсү өлтүрүлдү”, – дейт ал. 

Кочетковдун айтымында, кармалгандардын саны мындан көп болушу мүмкүн. Кармоолорду укук коргоо органдары жүргүзүүдө. Кумсалыкка шектелгендерди Аргун шаарында мыйзамсыз кармап, документтерип алып, кыйнап жатышат.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун пресс-катчысы Альви Каримов бул билдирүүлөрдү четке кагат.
“Бул жалган, бир пайыз да чындыгы жок. Эгер Чеченстанда бир эле адам кармалса, анда муну бүт өлкө билмек”, – дейт ал. 

 

Анын айтымында Аргунга бир нече укук коргоо уюмдары барып, эч кандай жашыруун абакты тапкан эмес.

Абактан чыгуунун шарты – белгилүү кумсалардын аты-жөнүн айтып берип, 1 млн рубль төлөшүң керек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика