“Айканын” режиссеру эмне үчүн кыргыз кыздарынын тагдырын тарткан? Маек

0

Февраль айында Сергей Дворцевыйдын Орусияда мыйзамсыз иштеген кыргыз мигранты тууралуу тарткан “Айка” көркөм тасмасы кеңири коомчулуктун назарына коюлат. Башкы каармандагы Айка аттуу келин карызын төлөө үчүн баласын төрөт үйүнө таштап, жумушка чыгууга аргасыз эле. Орусия менен биргеликте тартылган тасма “Оскар” сыйлыгынын “Мыкты чет элдик фильм” номинациясы боюнча алдыңкы он тизменин ичине кирди. Айканын ролун ойнгон Самал Еслямова Канн кинофестивалында “Эң мыкты актриса” наамын утуп алган.

Режиссер Сергей Дворцевый Риа Новостиге берген маегинде мигранттардын көйгөйүн көтөрүүгө эмне түрткү болгонун жана эмне үчүн кыргыз кыз-келиндеринин оор тагдырын алганын айтып берди.

Режиссер Сергей Дворцевый жана актриса Самал Еслямова Канн кинофестивалында

– Айка аттуу ысым бир нерсени билдиреби? Башка элдерде бул “эчки” дегенди түшүндүрөт экен?

– Кызык, мен мындайды билбейт экем. Негизи Ай — бул түрк тилдеринде Ай дегенди түшүндүрөт. Айканын чыныгы аты Айнур. Асель, Айсулуу… Бул элдерде Ай менен башталган ысымдардын баарын кыскартып айтканда — Айка.

– Башкы каарман тасманын аягына чейин эле өз тандоосунун этикалык жагы эмес, физиологиялык жактан күрөшөт. Бул айбандык инстинктке аңдап-билүү менен кайрылуубу?

— Аял күтүлбөгөн жерден ойлонуп: “Кудай, мен эмне кылып жатам! Мен эмне мынча жаман адаммын!”,- деген окуяны көргүм келген эмес. Мен үчүн булар жасалма көрүнүш. Кайдагы этикалык жагдай? Айка абал жол берген өңүттө жашап жатат, чынында ал согушта. Кош бойлуулук жана ымыркай — анын тандоосу эмес. Анын алданганы жана жумушунан эмгек акысын төлөбөй коюшканы — анын тандоосу эмес. Жашоодо ушундай учур болот: эмне кылсаң да, оңунан чыкпайт. Ушундай маал. Мен адам: “Мен туура эмес жашам жатам” деп ойлонгону эмес, жашоо аны өзгөртүүгө түрткөнү тууралуу тасма тарткым келген. Мында сүт, гормондор.

“Айка” тасмасынан алынган кадр эгер бул “согушта” ок учуп жатканда (Айка карызга батып, качышы, бекиниши керек) ал отура калып, ойлоно баштаса, анда мен бул окуяга ишенмек эмесмин. Аны жашоо, жаратылыш мажбурлайт. Тасманын аягына чейин кардын жаап турушу бекеринен эмес – табиятта болуп аткандын баары адамдарга жана жаныбарларга таасир этет. Бул Айкага да байланышкан: анда төрөттөн кийин гормоналдык чабуул жүрөт, өзү каалабаса да, өзгөрүлөт. Анын өзгөрүүнүн каалаганы эмес, жаратылыш аны мажбурлап жатканы мен үчүн алда канча кызыктуу.

— Сиз көрсөтүп жаткан дүйнөдө Айкада тандоо мүмүнчүлүгү бар беле? 

— Албетте, баланы тамактандырбаңыз, аны таштап кетиңиз. Сиз өзүңүздү бир мүнөт болсо да ошол жагдайга кабылгандай элестетип көрүңүзчү. Сынбай, максатка карай умтулууга адамда кандай күчтүү мүнөз болушу керек? Биринчиден, ал карыз алып, кайтара албайт, киийн бизнес ачкысы келип, ошого бет алат. Экинчиден, ал зордуктоонун кесепетинде кош бойлуу болуп калды.
— Сиздер статистиканы изилдедиңиздер: апалары таштап кеткен балдар канча пайыз экен? Борбор Азиядагы аялдар андайга барбайт деген көндүмдөр бар го. 
— Ооба, дал ушундай жагдай тууралуу билгенимде бул мени таң калтырды. 2012-жылдары Москванын төрөт үйлөрүндө 248 кыргыз балдары калган. Бул боюнча маалыматты балдарынан баш тарткандар менен иш алып барган уюмдардан алдым. Мен андан ары маалымат издей баштадым, аялдарды өз балдарын таштоого эмне түртөөрүн изилдөөгө кириштим. Ошондуктан да бул теманын үстүндө иштеп баштадым.
“Айка” тасмасынан алынган кадр

Ошондон кийин түшүндүм, канчалаган көйгөйлөр, канчалаган жагдайлар…  Алар бул жакта күкүктөй, алардын кантип өмүр сүрүп жатканы түшүнүксүз. Алар мында жылдап жашашат, үй-бүлөсүн көрүшпөйт, аларда жаңы байланыш пайда болот, сүйүү романдары башталат, боюнда болот, же болбосо Айка сыяктуу зомбулук менен аяктайт. Алар бул тууралуу ата-энеси же үй-бүлөсү билип калышынан коркушат: бул уят, ошондуктан да балдарын таштап кетишет.

“Айка” тасмасынан алынды
— Демек, сиздин тасма ал аялдарды актагандык болуп калабы?
— Актангандык жана түшүнүү. Мигранттардын арасында ушундай маңыздуу маселени көтөрүүгө тырышыңыз. Биз алардын адаптацияланышы жөнүндө ойлонушубуз керек. Анткени адам укуксуз жашай албайт.
“Айка” тасмасынан алынды
—Тасманын “Оскардын” кыска тизмесине кириши сиз дүйнөдөгү талылуу маселени көтөргөнүңүзгө байланыштуубу? 
— Ал гана эмес. Албетте, тасманы көргөн адамдар мигранттар темасы өздөрүнө жакын экенин сезиши маанилүү. Бирок ошол эле учурда алар сүрөттүн күчү менен соттошот. Эгер сиз кыска тизмеге кирбей калган тасмаларды карап чыксаңыз, андан көптөгөн курч жумуштарды көрө аласыз. “Оскарга” кино тармагын жакшы түшүнгөн, профессионал адамдар добуш берет. Биз тасманы көрсөтүп жаткан учурда алардын көбүнө жолуктум. Кадрларды кандай сүрөттөп, кандай баалаганындарын карап отуруп, мен кинематография тармагында билермандар, кесипкөй адамдардын көп экенин түшүнүп жеттим.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of