Айжан Байзакова болочоктогу кызы өзүндөй болушун каалабайт

Инста-блогер Айжан Байзакова болочокто кыздуу болсо, анын өзүнө окшош болушун каалабайт. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде билдирди.

Алып баруучу Байзаковага: “Келечекте кыздуу болсоң, өзүңдөй кылып чоңойтосуңбу”,- деп суроо берген.

Ал жакында уулду болгон жаш эне катары сырларын жашырбай айткан.

-Эң негизгиси кызым эмне жасап жатканын мен билип турушум керек.”Эмне кылып жатсаң да мен билип турайын” дейм. Жүрөгүмдү өйүгөнү жашыруун баңгизатын колдонуп жургөн жаштардын көбү аны ата-энесине айтпайт. Эгер менин кызым денесине татуировка жасаткысы келсе, “мүмкүн ушул керек эместир” деп айтам. Такыр ынабай туруп алса, кел анда эң кичинесин тарттыралык демекмин.

Ал бардык суроого “эгер” деген сөздү кошуп сүйлөдү. Айжан: “Эгер кызым алкоголдук ичимдик ичким келет десе, жанымда отуруп бир бокал ичүүсүнө уруксат берем. Анткени болочок периштемди өзүм тарбиялап, көзөлдөбөсөм болбойт го”, деди ал.

Ошондой эле Байзакова азыр балдар суициди үй-бүлөдө жетишерлик көңүл буруунун жоктугунан жана апасы менен сырдашпаганын жыйынтыгы деп белгиледи.

“Өспүрүмдөр энесине чындыкты айтуудан коркушат. “Апам мени өлтүрөт болуш керек” деп ойлойт да, өзүн өлүмгө түртөт. Алар башынан өткөргөн ар бир кыйынчылыкты апа менен бөлүшүшү керек. Менде да ошондой учур болот”, – деди Айжан Байзакова.

Байзакованын курсагындагы баланын атасы рэп ырчысыбы?

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of