Орусияда кыргызстандык ага-ини жол кырсыгына кабылды

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Жол кырсыгынан айдоочунун баш мээси жабыркаган.

Рязань облусунда жүк ташыган “Газель-Валдай” жана ВАЗ-2107 (“Жигули”) автоунаалары кагышкан. Рулда кыргызстандык жаран болгондугун Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Жол кырсыгы Шац районунда катталган.

Андан 22 жаштагы жигиттин баш мээси жабыркаган. Азыркы тапта облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми анын жанындагы бир тууганы да колун кокустатып алган.

Элчилик маалымдагандай, полиция кырсыктын себебин иликтеп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of